Солтон-Сарыда алтын казган кытайлык компаниялардын экологияны талкалап жаткандарынын кесепетинен мал-жандыктар кырылып жатат. Бул боюнча Өкмөт чара көрүүгө ашыга элек. Себеби экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатышыптыр. Жергиликтүү эл болсо экспертиза кытайлардын пайдасына, жасалма болуп чыгат деп шектенүүдө. Ошондон улам кенди иштетпей эле жабуу талабын коюшууда. Ал эми Нарын облусунун жетекчиси Аманбай Кайыпов элдин таламын талашкандын ордуна карапайым калкка ороңдоп, ачык эле корсулдап кытайларды колдоп жүрөт. Өз элине катаал болуп, экологияны талкалаган кытайларга кол куушурган Кайыповго окшогондордон качан кутулабыз? Деги элди ойлогон, жерди-сууну сактаган адам өлкө башына келчү учурду дагы канчага күтөт болду экен шордуу кыргыз…
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ