Экономика министрлигиндеги ак иштеген, билимдүү, белдүү кадрлардын бири Элдар Абакиров экономика министринин орун басары кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Абакиров 2016-жылы экономика министринин орун басары болуп дайындалган. Аны «башка кызматка кеткендигине байланыштуу бошотулду» дешти. Ак, адал иштеген адам эч кимге жакпайт эмеспи. «Жегендерге тоскоолдук жараткандыгы үчүн» деген дагы кептер кетүүдө. Эмнеси болсо баарын убакыт көргөзөт.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ