Menu

Өзбекстан банктары автонасыя берүүнү токтотту

Бөлүшүү:

“Асака банкынын” өкүлү “Азаттыктын” өзбек кызматына кабарлагандай, Борбордук банктын көрсөтмөсү менен өткөн аптадан тарта автонасыяларды берүү токтотулду.

GM Uzbekistan жетекчилигине жакын булак билдиргендей, июлдан тарта компания Асакадагы автомобиль заводу менен биргеликте жеңилдетилген насыя аркылуу автоунаа сатууга макулдашкан.

– Бирок насыя берүү болгону беш күнгө созулду. Бул кыска мөөнөттө аз гана киши насыяга унаа алды. Дагы бир нече миң киши кезекте турган. Бирок өткөн аптанын соңунда Борбордук банктын оозеки көрсөтмөсү менен бардык банктар насыя берүүнү токтотту. Бул өзбек авто өндүрүшүнө өтө олуттуу сокку урду, – деди ал.

Насыя алгандардын бири автоунааны анын жалпы наркынын 25 пайызын төлөп алган. “Насыяны үч жыл ичинде төлөп бүтүү керек. Жылдык үстөгү – 18% пайыз”-, деди ал.

Каржы тармагында иштеген аткаминерлердин биринин айтымында, учурда өзбек банктары карыз берүүгө кудуреттүү эмес. Ал банктардын абалы жакшырган соң автоунаа үчүн насыя берүү жанданашы мүмкүн экенин билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: