Menu

“Положенец”, “смотрящий”, “чёрный” дегендерден да бийликтеги “элиттүү” топтор коркунучтуу!

Бөлүшүү:

Орус элинин гениалдуу жазуучусу Феодор Достоевскийдин “Кылмыш жана жаза” (Преступление и наказание) деген улуу романын бүт дүйнө элдери окуп жүрүшөт. Ошол эле учурда Ф. Достоевскийдин бул эмгегин ЖОЖдордо юристтер да криминалистикадагы эң маанилүү окуу куралы катары пайдаланышат. Ал эми адабиятчылар, социологдор тарабынан бул роман боюнча 150 жыл ичинде нечендеген ойлор айтылган. Бул чыгарма боюнча айтылган ойлор, жазылган пикирлер негизинен 19-кылымдын ортосунда Россиядагы ириген-чириген коомдун, анын азаптары менен жаралары катары баа берилип келет. Чынында жазуучу Ф. Достоевский “Россияда 1861-жылы крепостной укуктун жок болушy менен кылымдап эч укуктары жок, кул катары жүрүшкөн адамдарга жакшы заман орнойт, реформа жакшылык алып келет деп терең ишенген экен. Тилекке каршы андай болбоптур…

Ошол мезгил сыяктуу эле Кыргызстанда мындан 26 жыл илгери реформалар башталып, жаңы саясий-социалдык, экономикалык формацияга багыт алды, Кыргыз мамлекети эгемендүүлүк алды. Эл ошол кезде чексиз эйфорияга берилди. Тилекке каршы бул эйфория тез эле суу сепкендей сууду. Кыргыз коомуна байланыштуу бул маселе өтө чоң тема, бирок, бир аз учкай болсо да ушул маселе жөнүндө ой айтууну эп көрүп олтурам.

Кыргызстанда, мурда совет доорунда “коррупция” – деген термин жок болчу. Азыр бул терминди буту баскан баладан баштап ээгинде отуз эки тиштери жок калган чал-кемпирден баштап билишет.

Кылмыштын жаңы түрүнүн пайда болушу

Юридикалык аныктамаларда: “Коррупция – жеке байууну көздөгөн мамлекеттик кызмат адамдарынын коомдук моралдарына, мыйзамдарына каршы аракеттери”- деп айтылат. Бул аныктамага таянып, мамлекеттик кызмат адамдары уюшуп алышып, мыйзамдарга каршы аракет жасап жаткан соң, анда аларды сөзсүз түрдө “уюшкан кылмыштуу топтор”- деп айтканга толук негиз бар. Кылмыштын бул түрүнүн айырмачылыктарынын бири “мамлекеттик орган” деген статусту жамынышып, “коррупция” деген латын тилиндеги эл аралык терминди алып жүрүшү менен “элиттүү” топ катары бааланышы. Болбосо, алардын кылмыштуулугу, жасаган кылмыш иши боюнча мыйзам чегинде жазага тартылышы, биздин аң-сезимибизге, тилибизге көнүмүш болуп калган “уюшкан кылмыштуу топтор” (ОПГ) деп аталгандар сыяктуу эле. Бирок, бул эки кылмыштуу топторго карата кылмыш кодексинде мамлекеттик кызмат абалындагы “элиттүү” кылмыштуу топторго карата (коррупцияга) башка беренелер, “уюшкан кылмыштуу топтор” – деген берене жок, бирок “коррупция”- деп аталыштагы атайын 303-берене бар.

Кыргызстандын 1992-1993-жылдарындагы премьер-министр Турсунбек Чынгышев ошол кезде Жогорку Кеңештин трибунасынан туруп “азыр бир келесоолор жана жалкоолор гана уурдабайт” – деген чындыкты моюнга алган сөзү коррупция жөнүндөгү афоризмге айланган. Т. Чынгышевден кийин “Манас” эпосунун 1000 жылдык маарекеси алдында экс-президент А. Акаев укук коргоо органдарынын жыйынында “коррупция Ак үйдүн 7-кабатына жетти” деп, дагы бир афоризмди жараткан. Бул “афоризмдерди” айткандар да, өлкөдө гүлдөгөн коррупцияга кеңири жол салгандар да бийлик эле. Демек, ал Акаевдин өзү башында турган бийлик “элиттүү кылмыштуу топ болгон”. Ошон үчүн А. Акаев Кыргызстандан куулуп кетти. Ал эми Курманбк Бакиевдин бийлиги “кылмыштуу топ эмес болчу”-деп ким айталат, ким далилдей алат? Ал эми Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында парламент трибунасынан ЖК депутаты Ж. Сапарбаев бийликтин бийик жериндеги бир топ жетекчилерди ОПГ (организованная преступная группировка) деп атады. Бул сөз да бекеринен айтылган эмес.

Кылмыштуулуктун башка түрүнүн пайда болуш себептери

Жогоруда айтылган “мамлекеттик орган” деп аталган элиттүү кылмыштуу топтор өзүлөрүнүн ууру байлыктарын башкалардан, коргоп калыш үчүн, сандаган шайлоолордо пайдаланыш үчүн биз күндөлүк турмушта атап жүргөн “уюшкан кылмыштуу топторду” жаратышты. Эгер, мамлекеттик органдарда таза адамдар акыл эмгеги, адал мээнети менен оокат кылышканда, азыркыдай көптөгөн “уюшкан кылмыштуу топтор” пайда болмок эмес. Анын үстүнө күч кубатка толуп турган, “урунаарга тоо, урушаарга жоо таппай” турушкан эңгезирдей жигиттер өткөн 90-жылдары иштээрге жумуш табышпай, анан “элиттүү топтордун” куралына айланып беришти. Акча, байлык азгырык эмеспи. “Мамлекеттик органдын кызматкери”- деген статуска жамынган кылмыштуу топтордун “бели оорубай, колу жоорубай” эбегейсиз байлык жыйнап жатышканын көрүшкөн жигиттер, өз алдыларынча болушуп, жеңил байлык топтоонун жолуна өтүп кетишти. Ошентип “элиттүү” кылмыш тобунун, коомдо кесепеттүү аракеттери башкаларга жукту. Мамлекеттин күч органдары, сот бийлиги парасыз кимдир бирөөлөрдүн доосун өндүрүүгө таптакыр аракетсиз болду. Көп учурда милиция, прокуратура, сот милдеттерин өктөм жигиттер аткарып калды.

Айтмакчы, айрым адамдар “криминалдар (ОПГ) күч колдонушат деп айтып келишет. Туура, мында талаш жок дечи, бирок, мамлекеттик күч органдарынын айрым кызматкери, опери, тергөөчүсү, кылмыш жасаган кимдир бирөөлөрдөн пара алышып, ошонун күнөөсүн бир бечарага жаба салып, жасабаган кылмышын мойнуна алдырыш үчүн уруп-согуп, денесине, психикасына доо келтирген, айрым учурларда өлүмгө дуушар кылышкан фактыларды кантип жымсалдап коюууга болот? Булар, криминал аталышкандардан эки эсе оор кылмышкерлер!

Кыргызстандын бийлиги 2010-жылы июнь айында, өлкөнүн түштүгүндө кан төгүүгө түздөн-түз тиешелери болушкан, өзбек сепаратчылардын ана башылары, кылмышкерлер К. Батыровдуң, Ж. Салахудиновдун, И. Абдрасуловдун, анан да дагы бир кылмышкер А. Батукаевдин качырылышы- бул мамлекеттик кызматкер статусундагы, “элиттүү” топтун кылмыштуу иши эмес эмне?

Кылмыштуулук-социалдык көрүнүш

Криминалистиканын теориясында: “кылмыштуулук – бул социалдык көрүнүш”-деп айтышат. Коом үчүн мына ушул, бийликтин “кылмыштуулук – социалдык көрүнүш” “уюшкан кьшмыштуу топ”- деп аталгандардан миң эсе коркунучтуу экенин турмушта өзүбүз көрүп, сезип жатабыз. Эл ичинде айтылып жүргөн “уюшкан кылмыштуу топ” уурулук жол менен акчалуу кайсы бир жарандарды талап-тоношот. Мындай көрүнүш кылымдап келе жаткан нерсе. “Ууруну каракчы алат”- деген макал ошондон келип чыккандыгы талашсыз. Ал эми мамлекеттик органдардагы “кылмыштуу топ” элдин ырыскысы болгон казынаны, эртедир-кечтир биздин балдарыбыз төлөчү чет элден келген кредиттерди, гранттарды тоношот. Бул да жалган эмес. Ал эми кокус иши түшкөндөрдү болсо милиция, сот прокуратура, салык, бажы кызматтарды тоношот. ЖОЖдордун мугалимдери студенттерди тоношот. Баса айтмакчы, бийликтеги “элиттүү” кылмыштуу топтун тоной турган обьектиси 20 млрд, сомго барабар экенин өлкө башчысы А. Атамбаев коррупцияга каршы күрөш баштап жатканда парламент трибунасынан түтөп айтканы бар. Бул цифра колго кармалып калганы гана. Ал эми кагазга түшпөй айланып өткөнү канча. Андай туткактардын дагы бир артыкчылыгы – тонолгон акчаларына улам арбытып мүлк куруп турушат. Ал эми “беркилердин” мамлекеттик “боркокту” тагынгандардан айырмасы – жашоо тиричилик көрүү үчүн казынадан маяна, мамлекеттик статусу жок болсо да, жашыруун жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун да наам даражасы бар.

“Вор в законе”, “смотрящий”, “положенец”, “авторитет”, “черный”- деген сыяктуу. Бирок, алар мындай даражалары үчүн тигилерден айырмаланып салык төлөөчүлөрдүн эсебинен маяна алышпайт…

Жолдошбек Токоев

Булак: Айгай Пресс

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: