Menu

Өзбекстан ырчыларга лицензия берүүнү татаалдаштырды

Бөлүшүү:

“Узбекконцерт” мамлекеттик мекемесинин  көркөм кеңеши ырчыларга лицензия берүү эрежесин татаалдаштырды. 1-июлдан тарта күчүнө кирген жаңы эрежеге ылайык, эми лицензия алууну каалаган адам кеңеш мүчөлөрүнө жандуу үн менен ырдап берүүгө тийиш. Андан тышкары, жеке концерттерде аткарылган ырлардын бери дегенде 60 пайызы жандуу ырдалышы керек.

Көркөм кеңеште белгилүү ырчылар, клипмейкер, режиссер, акын жана обончулар бар.

Буга чейин ырчылар лицензия алуу үчүн ырларын дисске жаздырып, сөздөрүн кагазга жазып комиссияга сунуштап келген.

Өзбекстанда ырчы болууну каалагандар аталган мекемеден лицензия алмайынча чыгармачылык менен алектене албайт. Жүрүм-туруму, сүйлөгөн сөздөрү чектен чыккандарды жазалоо иретинде лицензиясын убактылуу токтотуп коюу тажрыбайсы бир канча жылдан бери колдонулат.

Лицензиясы бар ырчылардын гана ырлары, клиптери телерадиого чыгарылат. Мындан ары, жаңы эреже боюнча, Көркөм кеңеш тастыктабаган клиптер интернетке да жарыяланбайт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: