Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино маалымдагандай, Сауд Арабия, Йемен, Мавритания, Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн жана Египет 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатын башка өлкөгө жылдырууну талап кылышууда. Алар Катар терроризмди жактай турганын жана турнирге келе турган күйөрмандардын коопсуздугун камсыздоого даяр эместигин билдиришүүдө.
Бул өлкөлөр эгер талап аткарылбаса, чемпионатка байкот жарыялашарын эскертишти.
Инфантино араб өлкөлөрү күтүлбөгөн учурларда турнирди Катардан башка мамлекетке которуу мүмкүн экенин ырастаган ФИФАнын 85-беренесине таянып жатышканын айтты.
Алар уюмга мүчө мамлекеттердин арасында оюнду өткөрө турган өлкөнү алмаштыруу боюнча сурамжылоо жүргүзүүгө даяр.
5-июнда Сауд Арабия, Египет, Бахрейн жана Бириккен Араб Эмираттары Катар менен дипломатиялык алаканы үзүшкөнүн жарыялашкан. Алар Доханы араб мамлекеттериндеги ички саясий кырдаалды дестабилдештирүүгө жана терроризмди колдоого айыпташууда. Кийнчерээк байкотко Йемен, Ливия, Мальдивы, Маврикий, Мавритания, Комор аралдар биримдиги кошулушкан. Расмий Доха айыптоолорду четке кагууда.
Катар чемпионатты өткөрүү укугуна 2010-жылы 2-декабрда ээ болгон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ