Menu

Тиллерсон мусулмандардын АКШга киришине тыюу салууну колдобойт

Бөлүшүү:

Шайланган президент Дональд Трамп тарабынан сунушталган АКШнын мамлекеттик катчылыгына талапкер Рекс Тиллерсон исламды «улуу ишеним» деп атап, белгилүү бир динге же топко жалпы тыюу салууну колдобой турганын билдирди.

ExxonMobil компаниясынын мурдагы башчысы Рекс Тиллерсон мындай билдирүүсүн 11-январда, АКШ сенатынын тышкы иштер комитетиндеги угуулар маалында жасады. Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Трамп теракттардын алдын алуу максатында мусулмандардын АКШга киришине убактылуу тыюу салууну сунуштаган эле.

Бул демилгени Демократиялык партиянын да, Республикалык партиянын да өкүлдөрү «басмырлоо» катары баалап, аны айыпташкан. Кийинчерээк Трамп теракттар көп болуп жаткан мусулман өлкөлөрүнөн келген адамдарды «жапырт текшерүү» керектигин айта баштаган.

Тиллерсон ExxonMobil компаниясында иштеп жүргөндө Жакынкы Чыгыш жана түштүк-чыгыш Азиядагы көптөгөн ислам өлкөлөрүндө болгонун билдирди. Айтымында, ошондон кийин ал бул “улуу динди баалап жана тааныган». Бирок ал учурда АКШ өлкөгө экстремисттерди киргизбөө өңдүү «олуттуу чакырууларга» туш болуп жатканын кошумчалады. Тиллерсондун айтымында, бийлик андай коркунучтарды толук баамдап, аны жок кылуунун жолдорун иштеп чыгышы керек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: