Бүгүн, 12-сентябрда Астана шаарында Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилиги тарабынан Казакстан Республикасынын Улуттук Академиялык китепканасы менен биргеликте Ч.Т.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган тегерек стол өткөрүлдү. Бул тууралу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Иш чара III Эл аралык окуу конгрессинин чегинде Казакстан, Россия, Италия, Түркия, Польша, Монголия жана башка өлкөлөрдүн жазуучуларынын, адабиятчыларынын, илимпоздорунун катышуусу менен өттү. Кыргызстандын делегациясы төмөнкү өкүлдөрдөн турду: Ч.Айтматовдун уулу А.Айтматов, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги А.Акматалиев, “Манас” кыргыз-түрк университетинин профессору К.Коңкобаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Адабият институтунун кызматкерлери Г.Соронкулов жана С.Арипов.
Элчилик Казакстан Республикасынын Улуттук китепканасынын фойесинде Ч.Айтматовдун жашоо-турмушуна жана чыгармачылыгына арналган фотокөргөзмөнү уюштурду, жазуучу жөнүндө документалдуу фильм көрсөтүлдү.
Мындан бир күн мурун, 2018-жылдын 11-сентябрында Казакстандын окуу мекемелеринин биринде – Назарбаев Университетинде – Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилиги тарабынан Ч.Айтматовдун юбилейине арналган кече уюштурулду. Университеттин студенттеринин күчү менен кыргыз жазуучусунун чыгармалары боюнча концерт жана театралдык оюн даярдалды. Жазуучунун чыгармачылык мурасы жана руханий осуяттары жөнүндө өзүнүн ойлору менен Аскар Айтматов, Назарбаев Университетинин президенти Шигео Катсу, профессор Гултас Курманбай, Кастамону университетинин (Түркия) профессору Орхан Сойлемез жана Казакстан Республикасынын эл артисти, К.Куанышбаев атындагы казак музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси Талгат Теменов бөлүштү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ