Menu

Атамбаевдик режим 12 жылга кесип жиберген Канат Исаев бошотулду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-июлда Бишкек шаардык соту Атамбаевдик режим учурунда 12 жылга кесилип, абакта олтурган экс-депутат Канат Исаевди абактан бошотту. Бул тууралу депутат Алманбет Шыкмаматов журналисттерге билдирди.

Канат Исаев бир кезде Алмаз Атамбаев менен ысык мамиледе болуп жүрүп, депутат болуп, алтургай олигарх Шаки Абдыкеримовдун акчасына жаңы эле түзгөн, эч кимге белгисиз “Кыргызстан” партиясын парламенттик партия кылууга да жетишкен.

Кийин 2016-жылы премьер-министр Темир Сариевди кызматтан кетирүүдө бийлик ага спикерлик кызматты убада кылып, “торпеда” катары пайдаланган. Бирок спикерликти унпуруш депутат Чыныбай Турусбековго берип коюшканда, Канат Исаев катуу таарынып, ачык эле Атамбаевге каршы иштей баштаган.

2017-жылкы президенттик шайлоодо Канат Исаев мурун чанып кеткен душманы Өмүрбек Бабановго кайра кайрылып келип, аны ачык колдоп, бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбековго каршы иштеп  кирген.

Кекчил Атамбаев өзүнүн кол баласы Абдил Сегизбаевдин жардамы менен ага кылмыш ишин козгоп, аны 2008-жылы Токмок шаарына мэр болуп турганда мамлекеттик жерди мыйзамсыз, коррупциялык жол менен жеке менчикке саткан, 2017-жылы президенттик шайлоо бүткөндө Бабанов жеңилип калса кылмыштуу дүйнөнүн өкүлдөрү менен кошо тополоң чыгарып, бийликти басып алууга аракет кылган деген айыптар менен 2017-жылдын октябрында камакка алган.

Кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту Канат Исаевди Токмоктогу мэр кезиндеги коррупция беренеси боюнча 12 жылга түрмөгө кескен. Ал эми Бишкек шаардык соту 28-июнда аны бул кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткендегине байланыштуу жаза өтөөдөн бошоткон. Экинчи кылмыш иши – Бийликти басып алуу аракети боюнча ишти кайра тергеп чыгууга артка жөнөткөн. Буга байланыштуу Канат Исаевдин адвокаттары аны абактан үй камагына чыгарууну суранып, Бишкек шаардык сотуна арызданышкан.

Бүгүн Бишкек шаардык соту Канат Исаевдин адвокаттарынын арызын карап, канааттандырды жана Канат Исаевди абактан үй камагына чыгарууга чечим кабыл алды.

Булак: Кyrgyztoday.кg

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: