Menu

Тажик бийлиги өлкө абактарында саясий туткундар жок экенин билдирди

Бөлүшүү:

Рустами Шохмурод

Тажикстандын абактарында бир дагы саясий туткун жок. Бул тууралуу өлкөнүн юстиция министри Рустами Шохмурод 31-январда билдирди.

Анын айтымында, камактагылардын бардыгы кылган кылмыштары үчүн соттолгон, арасында саясий ишмердүүлүгү үчүн камалгандар жок.

Министр Тажикстандын мыйзамдарында «саясий туткун» термини жок экенин белгиледи.

Анткен менен укук коргоо уюмдары жана айрым камактагылардын туугандары өлкөдө саясий негизде соттолгон ондогон адам бардыгын билдиришүүдө.

Human Rights Watch уюмунун Борбор Азия боюнча иликтөөчүсү Стив Свердловдун пикиринде, мыйзамда «саясий туткун» термининин жоктугу өлкөдө андай адамдардын жок экенин билдирбейт.

«Саясий туткун» термини бул шарттуу түшүнүк. Анын кылмыш кодексинде бар-жоктугуна карабастан, саясий ишмердүүлүгү үчүн соттолгондор жөнүндө айтканда биз «саясий туткундар» деп сүйлөйбүз. 2015-жылы Ислам кайра жаралуу партиясы экстремисттик деп жарыялангандан кийин абактарга көптөгөн саясий туткун жөнөтүлгөн», — деди Стив Свердлов «Азаттыктын» тажик кызматына берген маегинде.

Эл аралык укук коргоо уюмдары өлкөнүн мурдагы өнөр жай министри жана «Жаңы Тажикстан» партиясынын лидери Зайд Саидовду, Тажикстан демократиялык партиясынын мурдагы төрагасы Махмадрузи Искандаровду, Ислам кайра жаралуу партиясынын саясий кеңешинин мүчөлөрүн жана ислам партиясынын активисттерин жактаган адвокаттарды саясий туткун деп эсептешет. Алар экстремизм, конституциялык түзүлүштү бузуу аракети, жемкорлук, алдамчылык жана документтерди жасалмалоо айыптары менен соттолушкан.

Укук коргоо уюмдары өлкөдө саясий куугунтук 2015-жылы сентябрда генерал Абдухалим Назарзоданын куралдуу козголоңу токтотулуп, Ислам кайра жаралуу партиясынын ишмердүүлүгүнө тыюу салынгандан кийин күчөгөн деп эсептешет. Өткөн жылы августта Тажикстандын Башкы прокуратурасы Ходжи Халимдин иши боюнча эле 170 киши соттолгонун билдирген. Алардын арасында Ислам кайра жаралуу партиясынын жогорку кызматтагы 13 мүчөсү бар. Укук коргоочулардын баяндамасында аталган партиянын мүчөлөрүн жактаган үч адвокаттын ысымдары дагы аталган. Алар Бузургмехр Ёров, Нуриддин Махкамов жана Дилбар Додаржонова.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: