Бишкек шаар мэри Албек Ибраимов калың кар жааганда, анан төрт күндүк катуу суукта шалаакы экендигин көрсөттү. Эми анын мындан ары мэр болуп отурганга моралдык дагы акысы жок. Уялбай дагы “премьер-министр болом” – деп жатканын укканбыз. Мындайлардан пайда жок эми. Албек Ибраимов Ала-Too аянтын кооздоп коюп эле кыйратып жатпаганын эми түшүндү окшойт. Кыш жаңы жылда миллиондорго чулганган балаты менен эле аяктап калбайт эмеспи. Мындан улам бир бороондук алы жок Албек мырза акылы барында кетип эле калганы оң болуп турат.
Булак: Ачык саясат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ