Гезитибизде баса көрсөтүлүп аткан экономикалык, социалдык, өндүрүштүк чыр-чатактардан кийин өкмөт башчы Сапар Исаковдун креслосу кыйчылдап калганы, саналуу күндөрдөн кийин отставкага кете турганы каңкууланды. Анын ордуна УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевдин дайындалаары, бул боюнча тиешелүү сүйлөшүүлөр бүтүп калганын эшиттик. Эгерде чагылгандай тездик менен интригалар коштолуп кетпесе эле алдын ала болжонгон «Барбаросс план» ишке ашмакчы. Кудайдын буйругу аркылуу Абдил Сегизбаев премьер-министр болуп калса, анда буга чейинки өкмөттөгү алешемдиктер жолго салынып, Кыргызстанда башкаруу саясатынын ырааттуулугу орнойт беле? «Түсү ийгиден түңүлбө» дечү эле кыргыз эли, саресеп сала туралычы…
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ