Menu

«Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Республикада коронавирус инфекциясынын таркалышы менен келип чыккан негативдүү экономикалык кесепеттерди жумшартуу максатында кол коюлган Мыйзам менен автотранспорт каражаттарынын айрым категориялары жана алардын ээлери үчүн милдеттүү камсыздандыруу боюнча милдеттерди аткарбоо үчүн жоопкерчиликти белгилеген датаны өзгөртүү каралган.

Алсак, юридикалык жактардын, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчигинде же алардын ээлигинде турган автотранспорт каражаттары үчүн, ошондой эле уруксат берилген жалпы максималдык массасы 12 тоннадан ашык жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын ээлери үчүн милдеттүү камсыздандыруу боюнча милдетти аткарбаганы үчүн жоопкерчилик 2021-жылдын 1-январынан тартып белгиленет.

Мыйзам 2020-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга жатат.

2020-жыл 17-август

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 + = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: