Menu

Видео – Балыкчыда каржы пирамидасынан жабыркаган 100гө жакын адам акчаларын кайтарып берүүнү талап кылышты

Бөлүшүү:

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында каржы пирамидадан жабыркаган 100гө жакын адам акчаларын кайтарып берүүнү талап кылышты.

Маалыматка ылайык, окуя 16-августта болгон. Алданган шаар тургундары компания имаратынын алдына чогулуп, жумшалган акчаны кайтарып берүүнү талап кылышты.

«Июнь айында апам 25 миң сом каржы пирамидасына жумшады. Ага бир айдан кийин эки эсе суммада акча кайтарып берилерин айтышты. Бирок алар аны кайтарышкан жок. Унааларын, үйлөрүн сатып, насыя алып жаткан адамдар бар. Мен жөн гана башка адамдарга эскертким келет. Мындай каржы пирамидалары башка шаарларда да ачылып жаткандыгын билдим», – деди окурман.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын журналисттерге билдиргенине караганда, бир айдын ичинде Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнө алданган аялдардан 90го жакын арыз келип түшкөн. “Алардын бардыгы каржы пирамидасынын курмандыгы болушкандар. Өтүнмөлөр Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “Алдамчылык” беренеси боюнча катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталды”, – деди ички иштер башкармалыгы.
Департамент кошумчалагандай, аталган факты боюнча милиция кызматкерлери шектүү жети аялды кармашкан.

Компанияга талаптарын билдирген эл чогулган адамдардын арасында массалык мушташтар жана жаракат алгандар катталган жок.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 39 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: