Menu

Сапар Исаков камалса, бир топ сырлардын бетачарына күбө болобуз

Бөлүшүү:

Кыргыздарга Кудайдын боору ооруп, ТЭЦти жарып бергенден бери коррупциялык элементтердин баштан ашып кеткенине күбө болдук. Акыры Сапар Исаковго кылмыш иши козголду… Удаалаш эле «Датка-Кемин», тарых музейи, Чолпон-Атадагы стадион сыяктуу чоң курулуштардан эсепсиз уурдоолор болгону, булардын башында да Исаковдун турганы боюнча интернет булактары, ЖМКлар жеткире эле жазгандай болушту. Кызыгы, Исаков сурак берип, ошого катар ал болушунча актанууда. Эл болсо карал турат. Болгон ырыстуу жердин баарысына «тумшугун салып келсе», эмне үчүн бийлик тамашалашып отурат? Акпы же карабы? Эгерде Исаков камакка алынып, уурдоо махинациялары миллиондогон долларбайлар менен тастыкталса, анда бир топ сырларды ачыктап, ырдап берет беле? Мындай шартта элдин көксөөсү сууп, Сооронбай Жээнбековдун кадыр-баркы көтөрүлмөк да, туурабы?

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: