Menu

Генпрокуратура Каржы полициясынын тергөөчүсүнүн үстүнөн кылмыш ишин козгоду

Бөлүшүү:

КР Генералдык прокуратурасы Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматынын (Каржы полициясы) Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн үстүнөн КР Кылмыш-жаза кодексинин 322-билип туруп, күнөөсүз адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралу Генпрокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Бул кылмыш иши тергөө үчүн КР УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Каржы полициясынын тергөө башкармалыгы 2015-жылдын 14-июлунда “Н.Т.” ЖЧКсына каршы кылмыш ишин козгоп, 36 млн 575 миң сом салыкты төлөгөндөн качып атат деп айыптаган.

Тергөөнүн жүрүшүндө тергөөчү 2015-жылдын 31-июлунда “Н.Т.” ЖЧКсынын жетекчисинин убактылуу милдетин ишеним кат аркылуу гана аткаруучу А.Б. аттуу жаранга КР Кылмыш-жаза кодексинин 213-салык төлөөдөн качкан чарбалык субъекттердин жетекчилерине каршы берене боюнча айып таккан.

Ага чейин тергөөнүн жүрүшүндө тергөөчүгө А.Б. аттуу жаран ишкананы ЖЧКнын жетекчиси берген ишеним кат менен гана башкарганы белгилүү болгон. Ошону менен бирге кылмыш ишинин материалдары А.Б. “Н.Т.” ЖЧКсынын жетекчиси эмес экендигин жана жогоруда аталган кылмышка тиешеси жоктугун далилдеген.

Бирок тергөөчү 2015-жылы 4-сентябрда кылмыш ишин тергөөнү аяктап, А.Б. аттуу жаранды айыптап, ишти Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүп берген.

Биринчи май райондук соту 2016-жылдын 1-ноябрында өз өкүмү менен А.Б. аттуу жаранды анын аракеттеринде кылмыш ишинин составы болбогондуктан толук актайт.

Бул өкүмдү Бишкек шаардык соту 2016-жылы 14-декабрда күчүндө калтырат. Ал эми КР Жогорку Соту 2017-жылдын 13-мартында райондук жана шаардык соттордун чечимин туура деп табат.

“Ушундай, мыйзамга каршы жол менен Каржы полициясынын тергөөчүсү жөнөкөй жаран А.Б.ны кылмыш жоопкерчилигине тартып, анын укуктарын одоно бузган.  Жарандарды мыйзамсыз кылмыш жоопкерчилигине тартуу – бул КР Конституциясы кепилдик кылган адамдардын негизги укуктары менен эркиндигин одоно бузуу болуп эсептелет” – деп айтылат генпрокуратуранын билдирүүсүндө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: