Menu

Фото – УКМК: Мамлекеттик каттоо кызматынын «Унаа» МИ автотранспорт каражаттарын мыйзамсыз эсепке коюу боюнча корупциялык схема аныкталды

Бөлүшүү:

Мурда белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын УКМК ККК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) алдындагы транспорт каражаттарын каттоо департаментинин (ТККД) каттоо-экзамендик бөлүмүнүн (КЭБ) (азыркы учурда КР Өкмөтүнө караштуу МККалдындагы«Унаа» Мамлекеттик ишканасы) кызмат адамдарына карата козголгон кылмыш иштери боюнча тергөөнүн жүрүшүндө, башка кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алып, коррупциялык схеманы түзүү менен бажы биримдигине мүчө эмес (Прибалтика, АКШ, Грузия) өлкөлөрүнөн КР аймагына ташылып келинген транспорт каражаттарын, бажы алымдарын төлөбөстөн киргизген. Натыйжада бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталган.

УКМК органы тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ушул жылдын июль айынын башында Кыргыз Республикасынын аймагына жогоруда айтылган коррупциялык схема менен алынып келинген«Лексус» жана «Шевроле» маркасындагы 2 авто унаа кармалды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн караштуу МКК тарифтик сеткасына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына кирген автоунааларды катоо жана алып келүүдө алдын ала 2 млн. 608 миң сом зыян келтирилген.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын аймагында унааларды мыйзамсыз каттоо боюнча коррупциялык схемаларга катыштыгы бар тараптар жана аларга тиешеси бар МКК кызматкерлерине карата текшерүү иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: