Кыргыз элине анчейин белгилүү эмес, бирок күчтүү аналитик, эл аралык мамилелер жана терроризмге каршы күрөшүүдө профессионал Талатбек Масадыков президенттик шайлоого катуу даярдыгын көрүп аткан чагы. Сыягы, сырткы күчтөр таптап аткан сыңарындай. Соңку убакта Талатбектин таскагы катуулап, саясый күчтөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жаңы жүз катары аламанга аттанганы турат. Карапайым калкка атагы алынбаса да, жакында чоң долбоорлор менен катуу иштеп, «жарк» эте алдыга чыгууну көздөп тургандай. Ким билет, эл аралык коомчулуктагы үлкөндөр колдосо эле кыргыз саясатчылары «дүң» эте түшчү эле. Бул боюнча кеп али алдыда..
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ