Menu

Аба ырайы: Абанын температурасы кескин төмөндөп, жаан карга айланат

Бөлүшүү:

Өлкө аймагында 31-октябрда жана 1-2-ноябрларда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлигинен кабарлады.

31-октябрда Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, 1-2-ноябрларда карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

1-3-ноябрларда абанын температурасы кескин төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

Тоолуу райондордогу унаа жолдор тайгак, тоңголок болуп кар күрткүсү күтүлөт жана жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп унаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Электр зымдарына суу кар жабышып үзүлүү коркунучуна алып келет. Андыктан алыскы сапарга чыгаар астында, унааларыңыздын дөңгөлөктөрүн кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, чынчырча, күрөкчөнү жаныңызга алып жүрүүңүз зарыл.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: