Menu

“Лестер-Сити” футболдук клубунун ээси, миллиардер Вишай Шриваддханапрабха тик учак менен кырсыкка учурап көз жумду

Бөлүшүү:
Кечээ, 27-октябрдын кечинде “Лестер-Сити” футболдук клубунун ээси, миллиардер Вишай Шриваддханапрабха тик учак менен кырсыкка учурап көз жумду. Бул тууралуу “uaportal.com” сайты жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, кырсык болгон учурда учактын ичинде футболдук клубдун ээси Вишай Шриваддханапрабхаучкуч жана дагы бир жүргүнчү болгон. Күбөлөрдүн айтымында, тик учак “King Power” стадионунан абага көтөрүлгөн соң кайра кулап түшүп, дароо күйүп кеткен.
Айта кетсек, Вишай Шриваддханапрабха Англия Премьер-лигасында болгон оюндан соң үйүнө учуп кетип жаткан.
Эске сала кетсек, Вишай Шриваддханапрабха 1958-жылы 4-апрелде тайланддык кытайлардын үй-бүлөсүндө туулган. Ал”King Power Duty Free” аттуу пошлинасыз дүкөндөр тармагынын негиздөөчүсү жана генералдык директору. “Forbes” журналынын Тайланддагы эң бай адамдар боюнча чыгарган рейтингинде 9-орунда турат. Ал “Лестер” клубун 2010-жылы сатып алган. 2016-жылы “Лестер” клубу өзүнүн тарыхында биринчи жолу Англиянын Премьер-лигасын уткан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: