«Апрель» телеканалынын түз эфирдеги «Кеп көөрүк» программасына коомдук ишмер А. Мадумаров катышып ар кыл суроолорго жооп берди. Андагы маек кызыктуу жана ачык болду. Ушундан улам гезит форматына ылайык айрым кыскартуулар менен андагы маекти биз да өз окурмандарыбызга сунуштоону эп көрдүк.
– Сиз соңку президенттик шайлоодон кийин «Мен макул эмесмин» деген Улуттук кыймыл түздүңүз эле, эмнеге макул эмессиз жана кандай көрүнүштөргө макул эмесиз, ушул туурасында айтып берсеңиз?
– Ошондо байкасаңар, жети маселе коюлган. 2015-жылдагы парламенттик шайлоо да, андан кийин президенттик шайлоонун да өткөндүгүнө бир жыл болду, ал кандай өткөндүгүн баарыбыз жакшы билебиз. Сыртта жүргөн бир миллионго жакын жарандардын баары Констиуциялык укугунан ажыраган, мындайча айтканда добуш берүү укугунан ажырап калды, ошондой көрүнүштөргө макул эмеспиз жана да ар кандай саясий куугунтуктоолорго, камоолорго макул эмеспиз! Анан дагы 3-4 Улуттук масштабдагы маселелер бар, ошондой көрүнүштөргө макул эмеспиз.
– Ушул маселелерге кол топтоодо Сиздер менен бирге көз карашта болгон канча жаран кол койду?
– Эки жүз миңден ашты Кудай буюрса. Бирок, жер-жерлердеги кайдыгерлик бир тарабы болуп, экинчиден баягы эле, тээ баягыдай эле жер-жерлерге барганда милициялар жана башкалары тоскоолдук болуп, коркутуулар, элди үркүтүп «билесиңерби эмнеге кол коюп берип жатканыңарды, кийин ал үчүн жооп берип калбагыла» дегендейлер болуп жатты. Элдин айрымдары сабатсыздыгынанбы ушундай нерселерден чочулоолор болуп жатат. Бул эми мыйзамсыз, ыймансыз өлкөдө болуп келген жана боло да берчү көрүнүштөр. Бирок ошого карабай четте жүргөн жарандарыбызга чексиз ыраазычылыгымды билдирем! Алар биздин Кыргызстаныбыздын ичинде жүргөн жарандарга караганда аябагандай катуу эрктүүлүгүн, активдүүлүгүн көрсөтүп жатышат. Топтогон колдорубуздун үчтөн эки бөлүгүнөн көбүрөөгү ошол Россияда жүргөн жарандарыбыз. Кечээ эле Нарындык Жылдыз деген эжекебиз Москвадан келип, ошондой эле Гулмира деген эжекебиз, башка жигиттерибиз да Токтогул, Аксы, Ала-Бука райондоруна барышты. Ошол жерде да… милициялар аман эле болушсун, Акаевди, кийин Бакиевди коргологондой, андан кийин Отунбаеваны, Атамбаевди деле корголошту. Ошол жигиттердин ошондой мамиле кылып жатканы, акылга келбей жатканы албетте өкүнүчтүү.
– Саясатта достук жок деп коет эмеспи, Сиздин саясат айдыңында досуңуз барбы?
– Бир коллегаң да ушундай суроо берген, мен жок деп жооп бергем. Дос деген өтө кымбат, өтө бийик сезим болуш керек. А биздегилер азыр колду колго уруп коюп бир крушка пиво ичип алып «досум, досум» деп колтукташып калышат. Бул жоопекерсиздик. Дос болсоң Манас менен Алмамбеттей дос бол, дос болсоң Курманбек менен Аккандай дос бол. Дос боло албайсыңбы анда жыйыштырып кой. Дос деген бул өтө жоопкерчилик, дос деген бул Жараткандын сыпаты, Аллахтын сыпаты. Ар бир адамдын жалгыз досу болот ал Жараткандын өзү, андан башкасынын кереги жок. Себеби ал достор бүгүнкү достор, ал табакташ достор болот, кызматтагы же бизнестеги достор болот, Ал эми саясаттагы достук достук эмес, ал эсеп. А эсебин таап жүргөн азаматтар бүгүн сени менен достошот да сенин керегиң болбой калгандан кийин эртең башка бирөөсү менен дос болуп кете берет. Андан кийин бул жакка бир секирет, тигил жакка бир секирет, ал деген туруксуздук.
– Сиздин кумириңиз барбы?
– Бар, ал менин Атам!
– Келечек жөнүндө сөз кылсак, өткөн парламенттик шайлоодо Сиз «Эмгек» партиясы менен бирге бардыңыз эле. Эми алдыдагы шайлоодо Сиздин «Бүтүн Кыргызстан» партиясы кимдер менен биригет, же өзүңүздүн партия менен эле барасызбы?
-…Көрөбүз, байкайбыз. Бирок биригүүгө негизи эл мажбур кылат экен да. Бирикпейсиңерби деп эле сурай беришет, көпчүлүгү…А менин принцибим өзгөрүлбөйт, ал адамдагы ыйык баалуулуктар. Эгерде кимде-ким ошол принциптерим менен макул болсо аларга эшигим ачык.
– Азыр коррупция менен күрөш жүрүгүзүп жатабыз деп атабыз, ошондо камап жаткандар менен камалып жаткандардын айырмасы барбы?
– Мен ошол туурасында өткөндө айткан элем, ошо камап жаткандар кимдер да камалып жаткандар кимдер, эмне айырмасы бар. Анан кыргыз ушундай экенбиз да, камалып жаткандарды көрүп ой баракелде-ээ, катуу күрөш жүрүп жатат деп кол чаба берет экенбиз. Мунун баары спектакль. Муну камаптыр, тигиге кылмыш ичин ачыптыр дей беребиз. А эмнеге ачты? Ачкан кишилер кимдер? – деген суроону бербей атабыз да. Коррупция боюнча камалган эч ким жок, а саясий өңүттө камалгандар толтура. Коррупция менен күрөш кандай жүрүп жатат: Жүргөн жок эч кандай. Ал тек гана сени менен эсептешем деген күрөш.
– Азыр баарыбыз тең эле айтып жатабыз, парламентте жалаң бай адамдар олтурат деп. Бирок алардын ордун акчасы эмес, абийри бар адамдардын отурушуна эмне жолтоо болуп жатат?
– Коом. Коом көзөмөлдөйт. Коомго жараша жетекчи болот, жетекчиге жараша коом болот. Бизче айтканда кичине одонороок айтылат, «эшегине жараша тушагы» деп.
– Көчмөндөр оюнунун эки жолу өткөрдүк. Анан авт о р л у к а я б а й т а л а ш к а түшпөдүбү. Айрым маалымат булактарында Сиздин атыңыз да айтылды?
-Көчмөндөр оюнунун автору бул кылым карыткан кыргыз эли. Эл болбосо ал оюндун жыты да болбойт. Ал эми ошол оюндарды уюштуруу маселеси кандайча болуп көтөрүлдү? Ошондо Кыргыз дүйнөгө күйүп аткан дөңгөлөктөрү менен, түтөп аткан Ак үйү менен таанылып калбадык беле. Эми ошол «имиджди», ошондой бир таанымды кантип өзгөртөбүз? Ушул маселе турду бизде. Ага карата аракетибиз биринчи жолу эл аралык алкакта 2014-жылы өттү. Мен анда Түрк кеңеш мамлекеттер шериктештигинин баш катчысынын орун басары болуп калдым. Барсам Кыргызстан тараптан ушундай сунуш бар экен. Бирок, 2012- жылдан бери эч кандай жылыш болгон эмес экен. Анан мен биз өткөрөбүз десем, башка мамлекеттин өкүлдөрү айтып калды, «силер өткөрбөйсүңөр, тек гана айтып коесуңар, айтканыңар кагаз жүзүндө кала берет» дешип. Ал учурда Казакстан белсенип калган экен, биз өткөрөбүз дешип. «Улуу далаанын оюндары» деп. Алардан ал оюнга аябагандай көп каражат бөлүнгөн экен. Менин ушунчалык намысыма тийди, себеби бүгүнкү күндө көчмөндөр касиетин сактап калган бул-биздин эл, кыргыз эли. Нукура, мындан 500 жыл мурда кыргыз жайлоодо кандай көчүп жүрсө, бүгүн да кыргыздын кайсы гана жайлоосуна барба ошол касиеттин сакталып калганын көрөсүң. Ошентип ал жерден биз өткөрөбүз деп келдик. Анан бул жакка нечендеген каттарды жазып жөнөттүм, Кыргыз өкмөтү аябагандай каршы болду. Ошондо силердин эле айрым коллегаңар да менин атыма не деген гана «жугундуларды» куюшпады, ар нерселерди жазышып. Ага кеткен акчага баланча светафор койсок болмок экен, тигинче тез жардам машинасын алсак болмок экен дегендейлерди айтышып. Баарына чыдадым. Кыргыз өкмөтү да караманча каршы чыгып туруп алышты. Оторбаевдин өкмөтү дагы, андан башкалары дагы. А мен барып алып Стамбулда жыйын өткөргөндө айтам, биз өткөрөбүз деп. Алар айтат, силердин тышкы иштер министирлигиңер дагы, өкмөтүңөр дагы каршы пикирлерин билдирип жатат дешип. Ошондо мен атайы Кыргызстанга келдим дагы президент Атамбаевге кирип айттым. Ал киши айтты, «мен колдойм, каражатты өкмөт таба албаса мен табам» деди. Бул мага чоң бел болду да, ошону менен көгөрүп олтуруп биз өткөрдүк. Дал ошол Көчмөндөр оюну ошол замат тышкы дүйнөгө Кыргызстандын өңүн өзгөрттү. Алар керемет жаратылышыбызды көрдү. Тоолордун арасындагы берметтей болгон Ысык-Көлүбүздү көрүшүп тамшанышты. Ал үчүн не деген мээнет, ден-соолугум кетти. Бирок, Кыргызстан дүйнөгө ажайып өлкө катары таанылды.
– Сиз чоң саясатчысыз, ошондуктан ушул суроону бербей кое албайм. Азыр не бир жерлерде, ошол эле соцтармактарда Алмазбек Атамбаевдин дарегине ушунчалык жугундуларды куюп жатышат. Чын эле ал киши Кыргызстан үчүн эч нерсе жасаган жокпу?
– Эгер мен айтсам саясий баа болуп калат. Тарых гана чыныгы баасын берет. Сталиндин айтканы бар эмеспи «мен кеткенден кийин менин мүрзөмө ар кандай шыпырындыларды алып келип таштай беришет, бирок, тарыхтын улуу шамалы бардыгын учуруп ордуна коет»-деп. Ошондуктан бардыгын тарых өз ордуна коет. Анан да баарын калчап, өлчөп ар кимибизди ордубузга кое турган эл. Мага азыр кокусунан бир ой келип кетти ушул жерден, жарадар болгон жолборстун үстүнө чөөлөр чыгып алып ойносо жарашат экен деген. Эң негизкиси ким болсок да адамдык ыйык баалуулуктарды жоготпошубуз керек.
Алтынай Бакирова
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ