Menu

Кыргызстанда Гуленчилер президенттик аппаратка таасир бере баштадыбы?

Бөлүшүү:
Редакцияга Кыргызстандагы Фетхулах Гулендин жактоочуларын жана “Себат” системасындагы окуу жайларды бүтүргөн кыргыз жарандарын бир беткей каралаган материал келип түштү. Биз ашкере эле каралап жиберген учурларын кыскартып, маалыматтуу бөлүктөрүн жарыялоону чечтик.
Түркия бийлиги түрк аалымы Фетхулах Гулендин жактоочуларын феточулар деп расмий аташат. ФЕТО –  “Фетхуллах Гулен террористтик уюму”. Бул жаамат Түркияда террористтик уюм деп табылган. Эксперттер муну Түркиянын бийликтеги лидери Эрдоган менен аалым Фетхулах Гулендин идеологиялык атаандаштыгына байланыштырышат.
Ал эми Кыргызстанда аларга караштуу “Себат” билим берүү системасы легалдуу иштеп, лицейлерди, университет ачып, көз карандысыздыктын жылдарында көптөгөн жаштарга  билим берип келатат, ошондуктан тыюу салынган эмес, тескерисинче абдан таасири күчтүү жана кеңири кулачын жайган уюм. 2016-жылдагы оңунан чыкпаган мамлекеттик төңкөрүш аракетинен кийин расмий бийлик Гуленчилерди куугунтукка алып,  бир нече миң киши камакка алынган. Борбор Азия өлкөлөрүнө  “Себат” окуу системасын жабуу талабы коюлган.  Ошондуктан Казакстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана башка өлкөлөр “Себат” окуу системасын өздөрүндө дароо жабышкан. Бир гана Кыргызстан жаппай, “Себатты” кайра “Сапат” деп атап, аларга легалдуу иштөөгө мүмкүнчүлүк берген.
Түркиянын расмий көз карашы боюнча ФЕТО диний жамаат катары эсептелсе да, саясатка, бизнес чөйрөгө жана билим берүү тармагына басым жасап, бул тармактагы таасирдүү адамдарды өзүнө тартууга аракеттенет.
Билим берүү тармагында
Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө билим берүү мекемелерин ачуу менен өзүнүн негизги үч максатын ишке ашырууну көздөйт: Биринчиден билим берүү мекемелерин ачуу аркылуу финансылык пайда табуу. Экинчиден эң керектүү тармактарда сапаттуу кадрларды даярдап өздөрүнүн жамааттык кызыкчылыгы үчүн колдонуу. Үчүнчүдөн окуу бирикмелерине бардык тармактардан таасирдүү адамдардын балдарын (кээ бир учурда жеңилдиктерди берүү же болбосо акысыз окутууну сунуш кылуу менен) өздөрүнө тартуу аркылуу жамааттын коомдогу ордун табуусунда жана өз кызыкчылыктарын ишке ашырууда, алардан (таасирдүү адамдардан) олуттуу колдоо алуу.
Кыргызстанда тамырланган уюмдары
“Жаш ишкерлер Ассоциациясы”,  “Диалог Евразия” (ДА) платформу, “Элим барсыңбы” коомдук уюму, “Адеп Башаты”, “Ыйык Ата-Журт” фонду, “Марал ФМ” радиосу, “Сереп” аналитикалык борбору, “Сапат”, “Сема”, “Силкроуд” (акысы 5 миң доллардан өйдө) , “Кембридж” (акысы 8 миң доллардан 11 миң долларга чейин) эл аралык лицейи билим берүү бирикмелери, окуу борбору, сыяктуу белгилүү тармактарга байланыштуу уюмдары ачылган. Коомдук уюмдардын, фонддордун аталышы, алектенген тармагы кандай болбосун бир борборго баш ийет. Бул уюмдар канчалык професионалдуу иш чаралар менен алектенбесин негизги максаты ФЕТОнун кызыкчылыгын жана ФЕТОнун Кыргызстандагы имам-жетекчилеринин каалоо талаптарын аткаруу болуп эсептелет.
Мучөлөрүнүн статусу
Ар бир мамлекетте, ар бир облуста жана шаарларда (имам-байкелери) жетекчи өкүлдөрү болот.Негизинен ислам дини жөнүндө маалыматы бар жана диний кеңеш бере ала турган адамдар тандалат. Айрыкча финансы маселесин карагандар, бизнес чөйрөнү тейлегендер жана ошондой эле саясий чөйрөгө жакын адамдар негизги ролду ойношот. Бири-бирине “аби”-“байке” деп кайрылышат. Негизги ФЕТО уюмунун жогорку тепкичтегилери уюмдун лидери Фетхуллах Гүлен жана анын жакын адамдары менен байланышта болушат. Жылына бул уюмга белгилүү деңгээлде жардам көрсөткөндөр Пенсильванияга Фетхуллах Гүлен менен жолугуу үчүн зыяратка барышат.
ФЕТОго Ислам динине болгон чын ыкласы менен кирип, ага колдоо көрсөткөндөр да бар. Ошондой эле бул жамаатка саясий, экономикалык, бизнестик кызыкчылыктар үчүн кирип алгандар да аз эмес.
Кыргызстанда саясатта жана бизнесте танымал адамдардын көпчүлүгү бул жамаатка кирбесе да өз кызыкчылыктары жана балдарынын кызыкчылыктары үчүн ага түз жана кыйыр түрүндө колдоо көрсөтүп жана бул уюмдун колдоосуна ээ болууну көздөп келишет.
ФЕТО уюму ар бир тармактагы таасирдүү адамдарды өздөрүнө каратууда ар түрдүү методдорду колдонот. Айрыкча спорт, маданият, илим, медиа тармагындагы көрүнүктүү адамдарды өздөрүнө тартат. Кыргыз коомчулугуна таанымал төкмө акындар Женишбек Жумакадыр, Аалы Туткучев, Идирис Айтибаев бул жааматтын ишеничтүү мүчөлөрүнөн болуп эсептелет. Мындай көрүнүктүү адамдарды өздөрүнө тартуу менен коомчулуктун ишенимине ээ боло алышат.
Дүйнөнүн кайсыл жеринде болбосун ФЕТО мүчөлөрү баарынан мурда Фетхуллах Гүлендин сөзүн кынтыксыз угуп аткарышат. Андан кийин ар бир өлкөдөгү имамдар, андан кийинки статуска ээ болгондор өзүнөн бир тепкич жогорудагылардын буйругун аткарууга милдеттүү.
Кыргызстандагы негизги мүчөлөрү кимдер?
ФЕТОнун Кыргызстандагы имамы-жетекчиси “Себат” (азыркы учурда “Сапат”) билим берүү фирмасынын (окуу жайлар, лицейлер карайт) президенти Орхан Инанды. Ал эми ФЕТОнун Кыргыз өкүлү, “Сереп” аналитикалык борборунун жана ЖИАнын кеңешчиси Искендер Ормонов. Жогорку Кеңештин депутаты Абдувахап Нурбаев, эк-президент Атамбаевдин эң ишенимдүү адамы Икрамжан Илмияновдун тууганы, “Адеп Башаты” фондунун мурдагы төрагасы, учурда Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси, Абдулатиф Жумабаев, Кыргызстан Ислам университетинин ректору Атамбаевдин кеңешчиси Абдушүкүр Нарматов, ушул эле университеттин мурдагы ректору Марс Ибраев, “Вефа” соода борборунун ээси(жасалма) Марат Назарбеков,  ВАКтын төрага орун басары Нурлан Атабаев, Өкмөттүн инвестиция тартуу бөлүмүнүн мурдагы орун басары Эсенгул Момункулов, Өкмөттүн билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Бейшеналиев таанымал мүчөлөрү болуп эсептелет.
ФЕТОнун таасиринде Түркия жаштарынын үч муунун жоготту. Фетхуллах Гүленге жана өзүнүн гана кызыкчылыгына кызмат кылгандан башка ата энесине, элине, мамлекетине пайдасы тийбеген муунду жаратты.
ФЕТОнун санаалаштары
Бул уюмга кирбеген бирок алар менен (кызыкчылык негизде) бирге иштешкен адамдар да бар. Мисалга Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Улан Пиримов, Жанар Акаев. Акаев кийинки шайлоолордо ФЕТОго караштуу партиялар менен шайлоого барышы мүмкүн.
ФЕТО бардык партиялар менен кызматташып, өзүнүн жактоочуларынын арасынан депутат чыгарганга аракет кылышат. Ошондой эле “Демократ” партиясы да жааматка караштуу.
Уюм Президенттик аппаратты колго ала баштадыбы?
Президент Сооронбай Жээнбеков Түркияга официалдуу сапар менен барганда Түрк президенти менен ФЕТО маселесин талкуулаганын Эрдоган айтып өттү. Президенттин иш сапарында котормочу катары жанында жүргөн, “Сереп” аналитикалык борборунда иштеген Зарлыкбек Нишан уулу кандайча ал жерге кошулгандыгы белгисиз. Ошол эле мезгилде кээ бир келишимдерге кол койгон өкмөттүн инвестиция бөлүмүнүн башчысы Эсенгул Момункулов, эң берилген мүчөсү, депутат Абдувахап Нурбаев да делегацияда жүрдү. Бул жааматтын активдүү мүчөсү болгон Догоев азыр президенттин кеңешчиси болуп келди. Айрыкча мамлекеттик каттоо кызматында жарандардын маалыматын топтогон Догоевдин стратегиялык маанидеги комиссиянын төрөгасы болуусу эч кандай кокустук эмес экендигин мезгил көргөзөт.
Ошондой эле Атамбаевдин тушунда анын демилгеси менен түзүлгөн “Ыйман” фондунун төрагалыгына ФЕТОнун Кыргызстандагы лидери Искендер Ормон уулу дайындалган. Жээнбековдун котормочусу катары жанында жүргөн Зарлыкбек Нишан уулу да ошол фонддун кызматкери катары Искендер Ормон уулу тарабынан жумушка алынган. Фонддун негизги спонсорлорунан болгон Түркиянын нааразычылыгын эске алып, Искендер Ормон уулу фонддун төрагалыгынан кеткенден кийин, бошогон орунга өздөрү тарабынан кайра эле өзүнүн адамын алып келип көнгөн феточулар Ормон уулунун ордуна учурунда ЖИАнын жетекчиси болгон Нуржигит Кадырбековду дайындатканга жетишкен.
Айбек Азимов, көз карандысыз изилдөөчү
Редакциядан: Бул маселеде автордун көз карашын редакциянын көз карашы катары кабыл албаңыздар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: