Menu

Мексикадагы зилзаладан курман болгондордун саны 200дөн ашты

Бөлүшүү:

Мексикадагы жер титирөөнүн кесепетинен өлгөн кишилердин саны 200дөн ашты.

Associated Press агенттиги кабарлагандай, өлкөнүн баш калаасы Мехикодо кырктай имарат кыйрады, алардын арасында мектеп дагы бар. Мексиканын президенти Энрике Пенья Ньето урандылар астынан 22 кишинин сөөгү чыкканын, алардын көбү балдар экенин билдирди.

Мексиканын борбордук бөлүгүндө шаршембиге караган түнү болгон зилзаладан набыт кеткендердин саны кеминде 250гө жетти.

Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланды. Кырсык болгон жерде куткаруучулар, аскерлер жана ыктыярчылар иштөөдө.

АКШнын Геологиялык кызматы билдиргендей, зилзала күчү 7,1 баллга жеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 84 = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: