НК Дастан” ишканасындагы мыйзам бузууга байланыштуу шек саналып жаткан Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматка 13-июнда сурак берип чыкты. Мэрге 30-майда Кылмыш-жаза кодексинин 171-статьясы (“Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү өзүнө ээлеп алуу жана коротуу”) менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн материалдарына ылайык, 2012-жылы) “ТНК Дастан” жана “Дастан Инжиниринг” ишканаларынын ортосунда буюм сатып алуу үчүн түзүлгөн келишимдин баасы атайылап жогорулатылып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Ибраимов сөз болуп жаткан ишкананы 2011-2012-жылдары башкарган. Эми бул ыргытылган сыйыртмактан Албек мырзанын бошоп кетиши кыйын. Жакынкы айларда камакка алынышы мүмкүн болуп турат.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ