20-февралда республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына тез жардам кызматы аркылуу Кытайдын жараны (аял киши) жеткирилген. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, ал Бишкекке Пекинден январь айынын башында келген. Дарыгерлер аны текшергенде дене табы 37.6 жеткен. Кытайлык жарандан коронавирус илдети бар же жок экенин аныкташ үчүн дароо мазок алынган. Анализдин жыйынтыгында чет өлкөлүк жарандан коронавирус илдети табылган эмес.
Күн мурун анын абалы жана анализдердердин жыйынтыктары эске алынып, ооруканадан чыгарылып, Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ