УКМК кызматкерлери 2018-жылдын 2-ноябрында Мамлекеттик каттоо кызматынын автоунааларды жана айдоочулар курамын каттоо боюнча Бишкек шаардык бөлүмүнүн башчысы Насирбек Алмаматовду коррупциялык ишмердиги боюнча кармап, «Автоунааларды каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема түзгөн» деп айып койгону жамы журтка маалым. Ал көп убакыттан бери күнүнө 100 миң сомду пара катары алып келгени айтылган. Көп өтпөй, 2019-жылдын 25-мартында Октябрь райондук соту Насирбек Алмаматовду 12 жыл 6 айга эркинен ажыратканын укканбыз. Бул факты коррупциялык күрөшкө үмүт жандырган. Тилекке каршы, Бишкек шаардык соту июль айында 12,5 жылга эркинен ажыратуу боюнча райондук соттун чечимин 3 миллион 300 миң сом айып пул салууга алмаштырып, эркиндикке чыгарып жибериптир. Салыштырып айткандай бир айда пара катары алган акчасын төлөп туруп кутулат экен. Ал эми соттордун оозун майлаганга ашып кетсе эки айлык «шабашкасы» кетсе керек. Ыя, кокуй мындай адилетсиздик сот ситемасында калпыстыктар орун ала берсе мамлекет кантип өнүгөт?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ