Menu

Карабаев Касымбек, эмгек ардагери: Текебаев ким?

Бөлүшүү:

Атамбаев президент болуп шайлангандан баштап, Текебаев ага бут тосуп келди. Парламенттик шайлоо учурунда партиясына соттолгондорду, Мырзакматовго окшогондорду кошуп алып шайлоого аттанды. Баарыбыз күбө болгондой, “Ата Мекен” партиясы коюлган чектен араңдан зорго өттү. Шайлоо учурунда Мырзакматовго өкүм чыгаргандарга колун кезеп, титиреп: “Силерди соттотом, гарантия берем” – деп телевизордон коркутуп, мен мыкты саясатчымын, өжөрмүн деген саясатчынын сөзү. Өжөрлүктүн эки түрү бар: 1) эли-жери, мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн өз жанын аябай өжөрлөнүп аракет кылуу. Бул биздин президентибизге таандык өжөрлүк. 2) өз кызыкчылыгын элинин кызыкчылыгынан жогору коюп, өз оюн албуут катындарча таңуулоого аракет кылуу бул Текебаевге таандык өжөрлүк. Бул өжөрлүгүнүн зыянын элибиз тартып келатат. Бир далилди келтирейин.Эл аралык норма боюнча өлкө башчынын колу коюлган документ күчкө ээ болот. “Кумтөр” кени боюнча түзүлгөн келишимдин баарында Акаев, Бакиевдердин колу бар, Кыргызстандын үлүшүн 30 пайызга чейин түшүргөн. Сатыбалдиев премьер кезинде 50/50 пайыз долбоорунун документтерин даярдап кол коюу гана калганда Текебаев жер тепкилеп, “70 пайызга жеткиргиле, болбосо улутташтырабыз” – деп ишке ашпай турган өжөрлүгүн карматкан. Болбосо бюджетибизге оңбогондой каражат түшмөк. “Жерүй” кенин иштетүүдө да элине күйгөн адам болуп, караманча каршы болуп турбадыбы. Текебаевдин Атамбаевге өжөрлөнүп асылып жатышын мен элине жасаган чыккынчылыгы деп айтаар элем.

Эмгек ардагери Карабаев Касымбек
Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: