Кечээ, 20-октябрда Жогорку Кеңеш жыйынында Ууланган ун боюнча фактыны изилдөө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан ал таратылгандыгын текшерүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө маселе каралды. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.
Аталган маселе боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын курамына Жогорку Кеңештеги 5 фракциянын өкүлдөрү кирди. Алар: Депутаттар Ж.Турускулов, А.Жамангулов, Б.Райымкулов (“Республика – Ата Журт”), Д.Жумабеков, А.Назаров (“Кыргызстан”), У.Примов, Э.Сурабалдиева, У.Жылкыбаев, М.Исаков (КСДП), А.Узакбаев (“Өнүгүү-Прогресс”), Б.Сулейманов (“Ата Мекен”).
Ал эми 2010-жылдагы морадерчулукту, банк ячейкаларын талап-тоноо фактыларын, “Альфателеком” ЖАКы (Мегаком), “Бишкек мунай компаниясы” ЖАКынын мүлкү, “Кыргызтелеком ААКсы көрсөткөн интернет кызматтарынын тарифтеринин негизсиз көтөрүлүшү, К.Бакиевдин тегерегиндеги адамдарга (М.Бакиев, Ширшов, А.Елисеев) мурда тиешелүү болгон Мегаком, “Дастан ТНК”, Азияуниверсал банкы, “Кыргызкөмүр” АКсы жана Батыровго мурда тиешелүү болгон улутташтырылган мүлктөрдү сатуудагы маселелерди териштирүү боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын курамына депутаттар Р.Момбеков, А.Артыков, М.Айнакулов, М.Мадеминов (КСДП), К.Бокоев, А.Исмаилова, А.Алтынбеков (“Республика – Ата Журт”), Ж.Калмаматов, К.Нурматов (Кыргызстан), А.Жутанов (“Өнүгүү”), А.Шыкмаматов (“Ата Мекен”) кирди.
Бул депутаттык комиссияларга “Бир бол” фракциясы кеңешип туруп, кийинчерээк депутаттарын сунуштайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ