Өткөн жуманын этегинде эки министр иштен кетти, жакынкы күндөрү дагы үч аткаминер кызматынан кол жууганы турат. Бошогон орундарга өз адамын алып келүүгө кызыккан тараптар кымгуут түшүп, 7-кабатка чабармандарын чаптырууда. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, айрым күчтөр Билим берүү министрлигине Агрардык университеттин ректору Рысбек Нургазиевди алып келүүгө аракеттенишүүдө. Ооба, ректор сыртынан караганда салабаттуу, билимдүү киши. Бирок, ички дүйнө таанымында кемтиги бардыгын, түшүнүгү тар экенин айтып койгонубуз оң. Ушул жашка келгенге чейин трайбалисттик, жердешчилик, уруучулук аң-сезимден көтөрүлө алган жок. Анын айныгыс фактысын университеттеги кадр саясаты көрсөтүп турбайбы? Дегенибиз учурда Агрардык университетгин ичин толтруп өзүнүн тууган-уругу менен жек-жаатын чогултуп алганы жашыруун эмес. Рысбек мырза кокус билим берүү министрлигине келип калса, ал жакты дагы үй-бүлөлүк кландын очогуна айландырып салбайбы?
Ал эми экинчи планда алып караганда учурда иш алып барып жаткан Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, кадимкидей такшалып, ишти өз нугунда алы бара жатат. Туура Гүлмира Каримовна жаңы министр болуп келгенде иш алып барууда бир топ кыйналган. Бирок, ишти жөндөп кеткенин да айтып койгонубуз ашыкча болбосо керек.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ