«Экс-генпрокурор Аида Салянова Бишкектеги СИЗО-1 тергөө абагында врачтардын такай көзөмөлүндө олтурат. Врачтар чыгарган корутунду боюнча ден соолугу канааттандырарлык абалда, кыймыл-аракети активдүү, акыл-эси тунук, ооруканага жаткыруу зарылдыгы жок”, – деп билдирүү таратты 31-июлда КР Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы.
Врачтар айыпталуучу Аида Саляновадан “Кыргызстандын ооруканаларында дарыланууну каалайсызбы?” деп сурашканда Салянова чет өлкөгө чыгып, операция жасатууну каалай турганын билдирген. Кыргызстандын ооруканаларынын шарттарында дарыланууну каалаган эмес.
Азыр Салянова тергөөнүн иш-чараларына катышууда – СИЗО-1дин аймагынан тергөө иш-чараларына чыгарылып турат.
Эсиңиздерге сала кетсек, Аида Салянова 2013-жылы генпрокурор кызматында туруп, коррупциялык жол менен кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу кылмышына катышкан деп айыпталып, 3-июндан бери камакка алынган. Ошол кездеги Нарындын атайын прокурору Майрамбек Акматалиев суракта кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошоткон Нарын шаардык сотунун чечимине прокурордук каршылык жасоого аракеттенгенде генпрокурор Аида Салянова тыйып койгону боюнча тергөөгө көрсөтмө берген.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ