Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевди жазып отуруп, анын ким экендигин коомчулук билмек тургай тажап бүтүшкөнү качан? Акүйдөгү айрым тирөөчтөрү гана анын ким экенин ажырата албай, коргоого алышканы жалганбы? Жаңы өкмөттүн курамынан премьер Сооронбай Жээнбеков жол транспорт министри Аргынбек Малабаевден гана арыла тургандыгын айтты. Кызык, ар апта сайын улам бир былыгы ачылган Батыралиевдин буга чейинки “өнөрлөрүнөн” Сооронбай Жээнбеков кабардар эмеспи? Эгерде бул министрди тез арада өкмөт курамынан кууп чыгып, жоопкерчиликке тарттырса, жүздөгөн ак халатчандардын алкышына арзымак. Батыралиевдин анык жүзүн ММКлар ар апта сайын коомчулукка ачып берип жатса, аны бийлик төбөлдөрү билгиси келбей жатканы жакшы жышаан эмес го? Өкмөт курамына толук кандуу кан жүгүртүүнү Сооронбай Жээнбеков чындап кааласа, Батыралиевди тез арада “сокур ичегини” кесип салгандай арылышы керек.
Булак: “Азия news”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ