Menu

Атамбаев баштаган КСДПнын Саясый кеңеши Ө.Текебаев, С.Жапаровдун кылмыш иштерин кайра карап чыгууга тилектештигин билдирди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-апрелде Алмаз Атамбаев баштаган КСДПнын Саясый кеңеши шашылыш жыйын өткөрүп, абакта олтурган Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров жана башкалардын кылмыш иштерин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароо маселесине карата КСДПнын позициясын билдирген чечим кабыл алган.

Чечимдин тексти:

Резонанстуу кылмыш иштерин кайра карап чыгуу боюнча демилгелерге КСДПнын позициясы

1.КСДПнын Саясый кеңеши экс-президент, КСДПнын төрагасы Алмаз Атамбаевдин 7-апрелдеги митингде эгер Өмүрбек Текебаевдин, Садыр Жапаровдун жана башкалардын кылмыш иштери боюнча жаңы жагдайлар ачылса укук коргоо жана  сот органдары алардын иштерин мыйзамга ылайык кайра карап чыгууга барышы керек деген билдирүүсүнө тилектештигин билдирет.

Мамлекет ар бир адамдын ким экендигине, алардын саясый көз караштарына жана карманган позицияларына карабастан адилеттүү соттук териштирүүнү камсыз кылууга милдеттүү.

2.КСДПнын Саясый кеңеши 2019-жылдын 1-январында күчүнө кирген Кылмыш-процессуалдык жана Кылмыш кодекстери жана башка мыйзамдар бир катар кылмыш иштерин кайра карап чыгууга мыйзамдуу негиз берерин жана мыйзамдардын ал нормаларын активдүү пайдалануу керектигин бегилейт.

КСДПнын төрагасы Алмазбек Атамбаев

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: