Menu

Жанбото Отонбаев, жарандык активист: Энебизди Үч-Коргондон көргөнү калдык сыягы…

Бөлүшүү:

Ушуя жылдын сентябрь айында Кадамжайда Майдан айыл аймагынын башчысын шайлоо өткөрүлүп, анда мүдүрдүн креслосу үчүн 3 азамат ат салышып, бул саясий иш-чаранын жини-богу аралашып отуруп, анда белгилүү «зек», 1983-жылы туулган Абдилатов Эсен Акматович «утуп» чыккан. 2011-жылы, ал аталган айыл аймагында кассир болуп иштеп турганда, ага карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 171-ст. 2-6. (кассага чеңгелин салгандыгы үчүн), 315-ст. (кызматтык көз боёмочулук) боюнча кылмыш иши козголуп, 1 жылдык сыноо мөөнөтү менен 6 жылга зынданга салуу өкүмү чыгарылган (148-11-15; 148-11-24 сандуу кылмыш иштери).

Өкүмдүн маанисинен көрүнүп тургандай, Абдилатов жогорудагы өзү оп тарткан суммага дагы ошончо кошуп, соттун тилин табууга жетишкенби, айтор, зындан түпкүрүндө отуруп жылдыз санаган эмес. Мындан бир аз мурдараак, дагы эле кыз бойдонмун дегендей, Абдилатов алды-арты таза деген документтерди чогултуп, жергиликтүү кеңешке депутаттыкка шайланууга да (5.08.2018.) жетишкен. Жергиликтүү жарандык активист Жанбото Отонбаев баш болгон өкүлдөр райондук шайлоо комиссиясына, укук коргоо инстанцияларына кайрылгандыктарына карабастан, элдин мыйзамдуу талабы жана нааразылыгы эске алынган эмес…

Көрсө, Майдан аймагындагы элдин массалык каршылыгын пайда кылган чырдуу Шамбесай баш болгон 23 алтын, көмүр ж.б. баалуу кен-байлыктарды Кытайдын колуна оптом салып берүү үчүн Абдилатовго окшогон тажрыйбалуу жегич-уголовник аталган аймакка башчы болуш керек сыягы.

Мурда коомчулукка белгилүү болгондой, 2015-жылы Майдан аймагында чет элдиктер тарабынан кенди иштетүү аракеттери башталганда экология кескин бузулуп, 1 киши өлүп, 3 буттуу козу, 2 баштуу музоо туулуп, мал кырылып, ЗОдай жарандык активист 6-7-кабатка чейин келип, чыр салып кетишкен эле.

Жогорудагылардан улам ушул жылдын 2-апрелинде жергиликтүү 6 миң киши нааразылык акциясына көтөрүлүп, ага бүтүндөй кыргыз коомчулугу тилектештигин билдирип, ызы-чуу араң басылгандыгын эл унута элек. 23-октябрда жергиликтүү калк дагы көтөрүлүп барып, чоң кагылышууга айланып кете жаздап, араң токтогондугу да маалым. Ушинтип отурса, Аксы окуясы кайталанбайт деп ким айта алат?!

Учурда Бишкекке чейин чыр салып, сатылган бийликке үнү жетпеген жергиликтүү калк Майдан аймагынан Өзбекстанды көздөй “агып өткөн Исфайрам дарыясы массалык булганууга дуушар болсо, кошуна мамлекеттин эли да жабыр тартаарын билдирип, Шавкат Мирзиёевге кайрылуу даярдап жаткандыктары белгилүү болду.

Номанжан Аркабаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: