Чек арада бир адам каза болсо, жети аскер жаракат алган. Калган алтысы жөнөкөй жашоочулар. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен ооруканада 13 адам жатканын кабарлашты.
Жабырлангандардын тизмеси:
1. Ж.Б., 1978-жылы туулган. Диагнозу: моюндун жогору жагынан жаракат алган, абалы туруктуу;
2. Болжол менен 12 жаштагы бала. Диагнозу: оң колунун манжаларынын бирине ок тийген жана акырек жагынан жаракат алган. Абалы оор, шок болуп калгандыктан фамилиясын айта албайт.
3. Р.К., 1976-жылы туулган. Диагнозу: оң жамбаш жагынан жаракат алган. Абалы стабилдүү, орточо оор.
4. У.Р., 1973-жылы туулган. Диагнозу: оң жамбаш жагынан жана согончогунан жаракат алган, ок жеген. Абалы стабилдүү, орточо оор.
5. Э.Р., 1973-жылы туулган. Диагнозу: ич жагына ок жеген. Абалы стабилдүү, орточо оор.
6. А.З., 1978-жылы туулган. Диагнозу: далы тарабына ок жеген. Абалы стабилдүү, орточо оор.
7. Т. у Г., 1998-жылы туулган, аскер кызматкери. Диагнозу: оң балтырына ок тийген, абалы орточо оор;
8. М. О., 1997-жылы туулган, аскер кызматкери. Диагнозу: баш мээнин контузиясы (дененин сырты жараланбай эле урунуудан, согулуудан, бир нерсе келип катуу тийүүдөн эт үзүлүү, майып болуу, денеге доо кетүү — ред.). Оң жак төшүнө ок тийген. Абалы орточо оор;
9. С. Ж., 1980-жылы туулган, аскер кызматкери. Диагнозу: санына ок тийген. Абалы орточо оор, стабилдүү;
10. Т. М., 1989-жылы туулган, аскер кызматкери. Диагнозу: ийин тушка ок жеген. Абалы орточо оор, стабилдүү;
11. К. К., 1992-жылы туулган, аскер кызматкери. Диагнозу: төбө чыкыйына ок тийген. Абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө;
12. А.У., 1995-жылы туулган, аскер кызматкери. Диагнозу: ич жагына ок тийген, абалы өтө оор, реанимацияда;
13. Т.у Э., 1989-жылы туулган, аскер кызматкери. Диагнозу: сол жак ийинине ок тийген, абалы оор.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ