Menu

Кенжебек Бокоев: “Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы боюнча кылмыш иши жоопкерлерди калкалоо үчүн атайын создуктурулуп жатат”

Бөлүшүү:

“Мындан 4 жыл мурун депутаттык комиссия түзүлүп, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциядагы мыйзам бузууларды аныктап, Генпрокуратурага өткөрүп берген. Ошол кылмыш иши эмнеге токтоп калды?”, – деп сурады бүгүн, 30-майда парламентте депутат Кенжебек Бокоев генпрокурор Өткүрбек Жамшитовдон.

“Курулуш иштери боюнча экспертизалар дайындалып, экспертиза бүтө электигинен ал иш токтоп турат”, – деп жооп берди Жамшитов.

“4 жылдан бери бүтпөгөн ал кандай экспертиза экен? Мунун баары убакытты создуктуруп, жоопкерчиликке тартуу мөөнөтү өтүп кетти деп кийин кылмыш ишин жаап салуу үчүн атайын жасалып жатат. Экспертиза жөн эле убакытты создуктуруу үчүн дайындалган, болбосо кантип 4 жылда бүтпөй калсын? Эптеп эле жоопкер жетекчилерди калкалап калуу амалы болуп жатат. Сиз ушуга жакшылап көңүл буруңуз Өткүрбек Асилбекович,” – деди Кенжебек Бокоев.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 71 = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: