Учурда ар кандай диний агымдар күч алган сайын динге берилген өспүрүмдөр, медреселер көбөйгөнү кооптондурбай койбойт. Өлкөбүз боюнча канча медресе бар, аларды ким каржылайт? Кандай сабактар окутулат? Бул суроолорго мусулмандар дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн адиси Куштарбек Маматовдон жооп алууну чечтик.
-Учурда республика боюнча 78 диний окуу жайларда балдар окутулуп жатат. Бишкекте 5, Чүйдө 28, Таласта 4, Ысык-Көлдө 1, Нарында 2, Жалал-Абадда 6, Ош облусу боюнча 19, Ош шаарында 4, Баткенде 9 медресе бар. Жалпы республика боюнча 6000 ден ашык бала медреселерде билим алышат.
Сентябрь айынан баштап окуу башталат. Негизинен диний сабактар окутулуу менен бирге светтик сабактардан кыргыз тили жана адабияты, Кыргызстан тарыхы, география, информатика, орус тили, дене тарбия, кол эмгек, психология, илим изилдөө жолдору, окутуу ыкмалары, мугалимдик кесипке киришүү сабактары окутулат. Кээ бир медреселерде мектепти кошо окутушат. Диний сабактар: Куран, араб тили, фикх, акыйда, хадис, тафсир, Куран мааниси, усулу фикх, балага, нахв, сарф, мурас, улумул хадис, коллиграфия, ислам адабияты, ислам тарыхы, дин философиясы, дин педагокикасы, усулу дават, ислам экономикасы сабактары окутулат.
Негизинен эл каржылайт. Анан ата-энелери, тиешелүү фонддор каржылайт. Мисалы, «Жаштарды колдоо», «Ассалам», «Адеп башаты» фондулары биздин негизги каржылоочулар. Мамлекеттик бюджеттен каржыланбайт.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ