Menu

Алмаз Атамбаев Ивета Григуле башчылык кылган Европарламенттин өкүлчүлүгүн кабыл алды

Бөлүшүү:

Алмаз Атамбаев бүгүн, 21-февралда  Европа парламентинин Борбор Азия өлкөлөрү жана Монголия менен кызматташуу боюнча өкүлчүлүгүнүн Төрайымы Ивета Григуле башында турган Европарламенттин өкүлчүлүгүн кабыл алды. Бул тууралуу КР Президентинин аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда өз ара аракеттешүүнүн негизги багыттары боюнча Кыргызстан менен Европа Бирлиги ортосундагы мындан аркы кызматташтыктын  маселелери талкууланды. Эл аралык жана регионалдык олуттуу маселелер боюнча пикирлер айтылды, саясий жана экономикалык реформалар, ошондой эле кийинки жылдары Кыргызстанда ишке ашырылган демократиялык өзгөрүүлөр, анын ичинде референдумда кабыл алынган Конституцияга оңдоолор талкууланды.

Ошондой эле жолугушууда Алмаз Атамбаевдин Европа Бирлигинин Институттарына баруу менен Белгияга жана Германияга жакында болгон сапарынын жыйынтыктары талкууланды. Президент европалык лидерлердин толук түшүнүүсүн жана колдоосун тапкандыгын белгиледи жана европалык өнөктөштөр менен мындан ары кызматташуу активдеше турганына ишеним билдирди.

Андан тышкары, Алмаз Атамбаев Европарламент өкүлчүлүгүнүн мүчөлөрү менен быйыл боло турган президенттик шайлоолорго даярдыкты талкуулады. Мамлекет башчысы Кыргызстанда шайлоолор таза жана ачык өтүп жатканын, алардын жыйынтыктары жарандардын жана шайлоо процессинин катышуучуларынын шектенүүсүн туудурбай турганын баса белгиледи.

Ивета Григуле Европарламент өкүлчүлүгүнүн мүчөлөрүнүн атынан европалык баалуулуктарды жактаган өлкө Президенти менен жолугушууга мүмкүнчүлүк үчүн чын ниеттен ыраазычылык билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: