«Биз дүйнөлүк рейтингде санариптештирүү боюнча 9 позицияга алдыга жылдык. Бул кыска мөөнөттөгү абдан чоң жетишкендик деп эсептейм,” — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-июлда, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиого» берген маегинде.
Өлкөнү санариптештирүү мурдагыдан да ыкчам темпте жүрөрүн, анткени пандемия санарипке болгон муктаждыкты абдан күчөткөндүгүн кошумчалады.
«Бул талапты азыр да катуу коюп жатам. Бардык тармактар боюнча санариптештирүүнү тездетебиз. Жыйынтыгын көрүп жатабыз, биз дүйнөлүк рейтингде санариптештирүү боюнча 9 позицияга алдыга жылдык. Бул кыска мөөнөттөгү абдан чоң жетишкендик деп эсептейм. Деги эле калктын турмушун жакшыртууга багытталган бардык долбоорлор токтобойт», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ