Menu

Казакстанда жүздөгөн кайрылмандар көчөөдө калуу коркунучунда

Бөлүшүү:

Мангистау облусунун акимчилиги Актау шаарындагы адаптация жана интеграция борборунда жашаган жети кайрылманды коммуналдык карыздары үчүн сотко берди. Жалпысынан жергиликтүү бийлик 142 үй-бүлөнү жоопкерчиликке тартууга ниеттенүүдө.

Сот жообуна Иран жана Өзбекстандан келген кайрылмандар тартылууда. Жатаканада жашагандардын коммуналдык кызматтар үчүн карызы 200 миң тенгеден жарым миллион теңгеге чейин жеткен. Этникалык казактар эгер жергиликтүү бийлик төлөмдөрдү убагында талап кылганда, мындай оор кырдаал жаралмак эмес деп эсептешүүдө. Сот имаратынын алдына чогулгандар мынча сумманы төлөөгө кудуреттери жетпей турганын билдиришүүдө. Алардын айтымдарында, баш калкалоочу башка жер жок болгондуктан, жатаканадан да чыгышпайт.

Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин 2013-жылдагы буйругуна ылайык, репатрианттар жатаканада эң көп алты ай – “кайрылман” макамы жоюлганга чейин тура алышат. “Социалдык жатакананын” юристи эгер алар бул жайды бошотушса, төлөмдөр талап кылынбай турганын айтты.

Кезектеги соттук жараян 17-ноябрда өтөт. Кайрылмандар үчүн 2010-жылы курулган адаптация жана интеграция борбору 200 үй-бүлөгө ылайыкташтырылган. Ал жерде балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү менен катар Иран, Өзбекстан, Түркмөнстан жана башка өлкөлөрдөн келген этникалык казактар жашашат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: