Темир Жумакадыров президент болчу жигит эле. Мыкты аналитик, мыкты жетекчи, мыкты адам эле. Атамбаевдин командасында иштеп келе жаткандардан мына ушул жигиттин гана артынан кара пиар ээрчий элек болчу. Анын өлүмү кыргыз элине күтүүсүз сокку болду. «Кырсык каш-кабактын ортосунда» -деп бекер айтылбаса керек. Анын өлүмүн учурда ар ким ар кандай божомолдоп жатышат. Айрымдар атайын уюштурулушу мүмкүн деген версияларды да айтышууда. Анткени Темир Жумакадыров республикалык шайлоо штабына жетекчи болуп дайындалган экен. Таласка шайлоо иштери менен бара жатып кырсыкка кабылып, келбес жакка кетип жатпайбы. Үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айткандан башка арга барбы?
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ