Статистикага таянсак, учурда Кыргызстанда расмий каттоодо миллиондон ашык автоунаа турат. Адистер Кыргызстандын автопаркы мурдагыдай жаңыланбай, эски автоунаалардын саны өскөнүн белгилешүүдө.
Мамкаттоонун маалыматы боюнча, 2012-жылы өлкөгө сырттан 70 миңден ашык, 2013-жылы 108 миң, 2014-жылы 119 миң, 2015-жылы 35 миң, 2016-жылы 21 миң гана машине ташылып келген. Кыргызстанга автоунаалар көбүнчө АКШ, Орусия, Түштүк Корея, Жапония, Германиядан келет. Негизги алармандар 5 миңден 10 миң долларга чейинки баадагы машине издегендер.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ