Menu

Артыков аксакал болгондо алжыбай эле койсо

Бөлүшүү:

Азыр Жогорку Кеңеште депутат болуп олтурган Анвар Артыков деген тили булдуруктаган аксакал бар. Мурун туура сөздү айтып койгонго жарачу. Аксакал болуп калганда эки жакты карабай эле оозуна келген сөздү балп эттирип, эптеп жогор жактагыларга жагынып калайын дегенге өтүп алды. Өзүнүн кесиптеши Аида Салянованын бир тууганы маскачан жан алгычтардын огунан оо дүйнөгө сапар алып жатса, Артыков: “Саляновдун өлүмүндө эч кандай саясат жок. Аида Салянова саясий фигура эмес” деп табалагандай сөздү сүйлөп, көптөрдү иренжитти. Салянова саясий фигура эмес деген аксакалыбыз президенттен баштап көптөрдүн иштерин билген, катылуу сандыкта кармап жүргөн мурунку баш прокурорду өзүнө теңеп алган эмеспи. Салянова катып койгон катын коомчулукка жарыяласа биринчилерден болуп Артыковдун ээги түшөт болсо керек. Парламенттин аксакалы болуп калган соң, нарктуу кепти айтып, жаш баланын сөзүнөн оолак болсо, Анвар акеге жарашмак.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − 89 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: