Menu

Иш козголоору менен оорулуу адамга айланып дарылануу шылтоосу менен АКШга качып кеткен экс-депутат Аскарбек Шадиевге кабыргадан коюлган суроолор…

Бөлүшүү:

Эгемендүүлүк алгандан бери майлуу кызматтарда тайраңдап, тырмагынын учуна чейин байыган Аскарбек Шадиев жегенине топук кылбай Жогорку Кеңештин эсебинен Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка бөлүнгөн 30 миң долларды солоп жиберген экен, «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Көп өтпөй чек арадан Тажикстанга мыйзамсыз өтүп, андан соң АКШга качып, экинчи кылмышка илинди. Ага «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренеси менен иш козголду. Андан соң кыңыр иштин дагы бири билинип, «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо» беренеси боюнча үчүнчү иш козголгон. Буларга үн чыгарбай бекинип жаткан Шадиев мандатынан ажыраганда кыйкырып чыгып: «Мен тазамын. Камакка алуу аракети болуп жатат. Менин айланамда болуп жаткан окуялардын бардыгы саясий куугунтук. Мени саясий аренадан чыгарып, мүлкүмдү ээлеп алуу аракети» деп саймедирептир.

—Аскарбек мырза, эгер сиз сүттөн таза болсоңуз, анда эмне үчүн актыгыңызды далилдеп, чыныгы жигиттик сапат менен өлкөдөн чыкпай тура алган жоксуз? Качып кеткениңиз күнөөнү моюндаган менен барабар эмеспи? Экинчиси, эгер эл алдында таза иштегениңиз чын болсо, анда банктагы миллиондогон каражаттар менен ондогон мүлктөргө кантип ээ болдуңуз? Үчүнчүсү, ошончо байлыкка ыраазы болбой Айтматов үчүн бөлүнгөн 30миң долларды дагы сугунганга кантип дитиңиз барды?

Зулпукар Сапанов

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: