Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматы бүгүн, 5-мартта билдирди.
Алардын айтымында, 19-февралда Гагарин жана Купянская көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз айдоочу 16 жаштагы А.С. аттуу кызды сүзүп кеткен. Айдоочу жабыркаган кызды ооруканага алып барам деп, жолдун жээгине таштап, качып кеткен. Жыйынтыгында жабырлануучу ооруканага кайрылган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында кайгуул милициянын кызматкерлери “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү унаанын ээси, 1988-жылы туулган К.Т. аттуу жаранды кармашкан. Аны Бишкек ШИИБнин тергөө бөлүмүнө өткөрүп беришкен.
Аталган факт катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ