Menu

Ички иштер министрлигинин отставкадагы полковниги Жаныш Азизов пневмониядан каза болду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары оор жоготууга учурады. Каргашалуу өлүм биздин катардан өз өмүрүн бүт милиция кызматына арнаган татыктуу офицерден айрыды. Ал өз кызматын абийирдүү аткарып, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында кадыр-баркы жогору болгон.
Жаныш Азизов милициянын ишин жакшыртууга, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө жана коомдук коопсуздукту камсыздоого кошкон салымы чоң.
Ал 1954-жылы Чүй облусунун Чүй районундагы Токмок шаарында туулган. Билими жогору. 1977-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган. Ички иштер органдарындагы кызматын 1983-1984-жылдары Кыргыз ССРнин ИИМдин саясий бөлүгүнүн инструктору, 1984-1986-жылдары Кыргыз ССРинин ИИМдин Катчылыгынын инспектору, 1986-1993-жылдары Фрунзенин аткаруучу комитетинин ИИБдин Катчылыгынын башчысы, 1993-1998-жылдар ичинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Катчылыгынын башчысы, 1998-жыл ичинде Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин жардамчысы, 1998-2000-жылга чейин Кыргыз Республикасынын ИИМдин Катчылыгынын башчысы, 2000-2001-жылдары Кыргыз Республикасынын ИИМдин Катчылыгынын, министрдин аппаратынын жетекчисинин орун басары, ошол эле убакта башчысы, 2001-жылдан 2014-жылга чейин Кыргыз Республикасын ИИМдин Катчылыгынын башчысы, 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнө отставкага (жаш курагынына байланыштуу) кеткен. 2014-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын ИИМдин Катчылыгынын (келишим боюнча) башчысы, 2017-жылдан 2019-жылга чейин Кыргыз Республикасынын ИИМдин Катчылыгынын башчысы (келишимдик негизде) башчысы кызматтарын аркалаган. 2019-жылдан Кыргыз Республикасынын ИИМдин Катчылыгынын техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын башкы адиси болуп эмгектенип келген.
Кызматындагы эмгектери үчүн “ИИМдеги мыкты кызматы үчүн” төш белгиси, “Күжүрмөн кызмат өтөгөндүндүгү үчүн”, “Даңк” медалдары, 2004-жылы ИИМдин буйругу менен “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча, 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кол сааты жана башка мамлекеттик жана түзүмдүк сыйлыктар менен сыйланган.
Коллегиянын жетекчилиги, мүчөлөрү, Генералдар клубу, Ардагерлер кеңеши, андан сырткары ички иштер министрлигинин өздүк курамы милициянын отставкадагы полковниги Жаныш Азизовдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу аза күтөт жана туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: