Башкы прокурор болуп Өткүрбек Жамшитов дайындалгандан бери коррупцияга каршы күрөшүүнү көрдүңөрбү? Бир үлкөн коррупционерге кылмыш ишин козгоп, камакка алса кичине ынанат элек. Ток этери, резонанстуу иш жасаган жок. Өзү демилгелеп «киттерге аңчылыкка» чыга албаса дагы, башкы прокуратурадагы даяр материалдар боюнча коррупциялык иштерди которуп койсо деле болмок, туурабы? Ансыз да аталган системанын кадыр-баркы кашайып турган чакта, ого бетер жер менен жексен кылабы? Өткүрбек мындай «өлүмүш» түр менен жүрүп отурса, коомчулук качанкыга чейин карап отурат? Иш билбесе кызматын тапшырып, кетсин да?! Кайдыгерлиги менен мамлекетке кыянаттык кыла берсе, көшөгө артынан «өзүбүздүн бала, үйрөнүп кетет» дей беришеби? Абсурд!
Тайлак Назымов
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ