Menu

Армениянын мурдагы президенти Кочарянга айып тагылды, ал өзү муну саясый куугунтуктоо деп билдирди

Бөлүшүү:

Армениянын мурунку президенти Роберт Кочарян сегиз адамдын өлүмүнө алып келген 2008-жылдагы каршылык акциясын күч менен басууга айыпталууда. Армениянын атайын тергөө кызматы бейшембиде Кочарян конституциялык түзүмдү бузууга күнөөлөнүп жатканын билдирди.

2008-жылдын 1-мартында жоокерлер жана полициячылар тарабынан куулган демонстранттар президенттик шайлоодогу көз боёомоочулуктарга каршы чыгышкан. Кочарян өз талапкерлигин коё алган эмес, бирок ал колдогон саясатчы – Серж Саргсян добуштарды сатып алуу, бюллетендерди жапырт таштоого шектелгенине карабай, жеңүүчү деп табылган.

Саргсян Арменияны 10 жыл башкарган. Кийинчерээк ал бийлигин бекемдеп, быйыл реформалардын алкагында премьер-министр болгон. Бирок алты күнгө созулган элдин нааразылыгынан улам өкмөт башчылыгынан кеткен.

Ереванда мурдагы президентти камакка алуу боюнча сотко өтүнүч жөнөтүлдү.

Роберт Кочарян өзү болсо айыптоолор чындыкка дал келбей турганын жана бул саясий куугунтуктоо экенин билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 16 = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: