Menu

Булан институту: Ашар жолу менен мектеп салууга тыюу салынышы керек

Бөлүшүү:

Тынчтык инновациялары боюнча Булан институту авариялык абалдагы мектептер жана мектеп курулушунун динамикасына арналган баяндамасын жарыялады. ЮНИСЕФ 2013-жылы Кыргызсnандагы мектептердин 80%ы структуралык жактан кооптуу деп жыйынтык чыгарган. Булан институтунун изилдөөсү боюнча кырдаал андан бери анча өзгөргөн жок, бирок мамлекет тарабынан соңку жылдары мектеп курулушу жандандырылды. Соңку беш жылда өлкө боюнча 261 мектеп курулса, учурда 193 авариялык мектеп бар, ал эми аймактарда 200дөй мектептин курулушу башталган бойдон токтоп калган. Жада калса 26 жыл мурда курулушу башталып, ошол бойдон курулбай калган мектептер бар. Булан институтунун Борбор Азия программасынын жетекчиси Чолпон Орозобекованын айтымында, мамлекет ашар жолу менен социалдык обьекттерди курууга жол бербеши керек. Булан институтунун баяндамасында, эгемендикти жаңы алган жылдары мамлекеттин мектеп курууга жана оңдоого чамасы келбей, арга жок ашар жолу менен мектептерди салууну колдогон. Ал мектептер эч талапка жооп бербей, колдо бар материалдар менен, саман жана топурак менен салынгандыктан 5-10 жылда кайра баары урап атат. Баяндамага пикирлерин айткан экс-министрлер Аскар Какеев, Мукаш Базаркуловдор да ашар жолу аргасыздыктан болгонун айтышыптыр. Облустук билим берүүнү көп жыл башкарган Чолпон Тиленбаев «ал жылдарда ашар жолу менен мектептерди курган акимдерге сыйлыктарды берчүбүз, мамлекетте каражат жок, аргасыз андай демилгелерди колдогонбуз» дейт. Булан институту учурда типтүү мектептерди стандарт менен курууга чакырат. Баяндамада айтылганга караганда, былтыр мамлекет 77 жаңы мектеп салды, анын ичинен 54 мектеп Жерүй кенинин эсебинен курулду. Баяндамада жаңы конуштардагы мектеп азабы да ачылып берилген. Бишкектин четиндеги 47 конуштун 15инде гана мектеп бар.

Булак: “ПолитКлиника”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 78 = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: