Кечээ, 13-июлда КР президенттигине талапкер катары умтулуп жаткан саясатчы Адахан Мадумаров NEXT TV телеканалынын “Улус төр жана турмуш” программасында кыргыздын төбөсү көрүнүп келаткан жаш интеллектуалдары Сейтек Качкынбай, Эмилбек Жороев жана Эмир Куловдор менен президенттик шайлоо, мамлекеттик түзүлүш, Кыргызстандын саясый системасы тууралу толгон-токой темаларда татыктуу таймашып, жаш интеллектуалдарга жемин жедирген жок.
Маалымат иретинде:
Сейтек Качкынбай – Япониянын Ришшоо университетинин (Токио) бүтүрүүчүсү, Васседа (Япония) университетинин докторанты, 7 тилде эркин сүйлөйт (англисче, япончо, кытайча, корейче, орусча ж.б.) Кыргызстандын “Демократ” партиясынын лидери.
Эмил Жороев – АУЦАнын саясат таануу боюнча профессору
Эмир Кулов – Кент университетинин докторанты
Булак: Кyrgyztoday.kg
Видео : NEXT TV
youtube каналына жүктөгөн: Sunnat Talip
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ