Menu

Рафик Мамбеталиев шефи Сариев менен кошо кызматынан кетпейби?

Бөлүшүү:

Өкмөт алдындагы баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынын башчысы Рафик Мамбеталиев Темир Сариев премьер болоору менен ооматы артып, азыркы кызматына келген. Регионалдык, жердешчиликтин желаргысы менен. Ал арада өкмөт башчынын иш бөлмөсүнөн чыкпай, “чүйлүктөр биз бир командабыз” деп трайбалисттик сокур саясатка жетеленип, Темикени кийинки президенттик шайлоодо колдоп чыгышаарын тар чөйрөдө кыйытып жүргөндүгү жалганбы? Жөн жүрбөй генерал Мелис Турганбаевдин артына “суу бүркүп”, “кырчаңгыланып” жүргөндүгүчү? Ала-көөдөн жүрүшү менен оозго иленген Рафик Мамбеталиевдин ишенген шефи Темике тигинтип тендер чуусу менен уят болуп кетти. Шефинин артынан катчы, жансакчы, жардамчысы баштаган командасы ууруп-чуруп түйүнчөктөрүн түйүп, кызматтарынан кетишүүдө. А Рафик билмексен боло тымпыйып отурат. Же көнгөн адатынча дагы саттыбы?.. Бир команда болгон соң, ишенген шефинин артынан түйүнчөгүн түйбөйбү?..
Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: